Таластагы «Чон-Капка — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен мыйзамды бузуп чек арадан өтүүгө аракеттенген аял кармалды.
Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Бүгүн аталган чек арага келген Toyota Estima унаасын текшерүүгө алганда, ичинде отургучка жашынган 1971 жылы туулган К. Б. аттуу аял табылган.
Текшерүүгө алынганда ал адамга Кыргызстандын чек арасынан чыгууга сот тарабынан чектөө коюлганы аныкталган.
Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалган адам улуттук коопсуздук комитетинин аймактагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.