Биз менен байланышыңыз

Өзгөн шаарынын башчысы кызматына эки киши талапкер болду

Кыска кабар | 13 Апр 2019 | 556 | 0

Оштун Өзгөн шаарынын мэри кызматына өтүүчү шайлоого 2 талапкер катталды. Бул тууралуу Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы билдирди.

Мэрлик кызматка Рахман Атажанов менен Муктаржан Калматов талапкер катары катталды. Аймактык шайлоо комиссиясы жобого ылайык эки талапкердин тең буга чейинки иштерин карап чыкты.

Шайлоо 17-апрелде саат 9:00до башталат. Учурда Өзгөн шаардык Кеңешинде 31 депутат бар.

Өзгөндүн буга чейинки мэри Саипжан Пратов өз арызы менен иштен кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM