Биз менен байланышыңыз

Өзгөн шаарын иретке салуу үчүн мэрге бир ай убакыт берилди

Кыска кабар | 9 Дек 2021 | 617 | 0

Өзгөн шаарынын тазалыгы текшерилип, шаарды иретке салуу үчүн шаар мэрине бир ай убакыт берилди. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен орун басары Данияр Жаныкулов Өзгөн шаарынын тазалыгын текшерген.

Рейддин жүрүшүндө шаардагы көп кабатуу үйлөрдүн айланасы таштандыга толуп кеткени, балдар ойноочу аянттар кароосуз калтырылганы, көп кабаттуу үйлөрдүн асты акы төлөп авто коюучу жайларга айланганы, шаардын борбордук көчөлөрүндөгү тротуарларга да унааларды коюп алган көрүнүштөр, жол боюндагы дүкөндөрдүн ээлери товарын тротуарга чейин жайып алган учурлары аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Данияр Жаныкулов көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын, шаарды тазалоо, балдар аянтчаларын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, тротуарларды иретке салуу үчүн Өзгөн шаарынын мэрине бир ай мөөнөт берди.

Эгерде аталган мөөнөттө тапшырма аткарылбаса, жетекчиликтин кызмат орду мыйзам чегинде карала турганы белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM