Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров 17-сентябрда Өзгөндө өтө турган этнофестивалга катышат

Кыска кабар | 9 Сен 2021 | 646 | 0

17-сентябрда Ош облусунун Өзгөн шаарында «Өзгөн-Мунара-2021» этнофольклордук фестивалы өтөт. Ага президент Садыр Жапаровдун да катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу вице-спикер Аида Касмалиева «Маралдын» түз эфиринде билдирди.

Аида Касмалиеванын айтымында, иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер жана чет өлкөдөн коноктор келет.

Фестиваль жергиликтүү элдин руханий-адеп-ахлактык жана маданий өсүүсүнө салым кошуу, жер-жерлердеги тарыхый баалуу мурастарды даңазалоо максатында өтмөкчү.

Майрамдык салтанатка манасчы, дастанчы, төкмө акындар, фольклордук ансамблдер, искусство чеберлери, сүрөтчүлөр, уз-чеберлер, кол өнөрчүлөр жана улуттук ашкананын кесипкөйлөрү катышат.

Анын алкагында азык-түлүк, мөмө-жемиш жарманкеси, кол өнөрчүлөр, сүрөт көргөзмөсү, этномода, күрүч фестивалы болуп, гала-концерт менен коштолот.

Фестиваль Эгемендиктин 30 жылдыгына карата Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплекси жана Өзгөн шаарынын аянтында өтөт.

Кошумчалай кетсек, бул саамалык Аида Касымалиева, Курманкул Зулушев, Эльмырза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Иман Кочкорбаев, Канатбек Маматов, Алмазбек Алиев жана Акылбек Алиевдердин колдоосу менен өтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM