Биз менен байланышыңыз

Өзгөндө 5 миң долларга ымыркайын сатканы жаткан аял кармалды

Кыска кабар | 24 Янв 2020 | 492 | 0

Ош облусунун Өзгөн шаарында жаңы төрөлгөн наристени сатуу фактысы ачыкталды. Окуя 21-январда катталганын Ош облустук милициясы бүгүн кабарлады.

21-январда 2 баланын апасы, 22 жаштагы К. кызы К. өзү төрөгөн ымыркайды 5 миң долларга сатып жаткан жеринен кармалган. Бул ишке көмөктөшүүгө шектелип, Ош шаарынын 45 жаштагы жашоочусу, мурда соттолгон А.Э. да кармалган. Учурда Кылмыш кодексинин 171- беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. Ымыркайдын апасы К. кызы К. ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылып, көмөктөшүүгө шектелген А.Э. айым 2 айга камакка алынган.

Өзгөн шаардык төрөт үйүндө азият улутундагы айым өз баласын сатууга ниеттенип жатканы тууралуу ыкчам маалымат милицияга 20-январда түшкөнү билдирүүдө айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM