Биз менен байланышыңыз

Өзгөндө ымыркайын сатканы жаткан келин кармалды

Кыска кабар | 20 Июл 2019 | 459 | 0

Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну ымыркайын сатып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу маалыматты шаардык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы билдирди.

15-июль күнү болгон окуя коомчулукка кечээ жарыя болду. Маалыматка караганда, 22 жаштагы айым өзүнүн бир айга толо элек кызын башка бирөөгө 30 миң долларга сатууга сүйлөшкөн.

Ымыркай кыздын ата-энеси жарандык никеде жашайт. Алар 25-июнда кыздуу болушкан. Ага карабай, ымыркайга күбөлүк алышкан эмес. Камакка алынган кыздын ата-энеси кечээ үй камагына чыгарылды.

Сатып алуучулар боюнча маалымат айтылган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM