Биз менен байланышыңыз

Москвада ымыркайын саткан кыргызстандык келин кармалды

Кыска кабар | 7 Мар 2019 | 929 | 0

Орусиянын Москва шаарынын чыгыш тарабында 1 млн рублга ымыркайын сатканы жаткан 23 жаштагы кыргызстандык Барнохон Расулжан кызы кармалды. Окуя 5-мартта болгонун «РИА Новости» маалымат булагы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, айым жаңы төрөлгөн ымыркайын багып ала турган ата-эне издеп социалдык тармактарга жарыя берген. Анда нарситени бир миллион рублге берерин жазган. Мурдагы күнү Москванын чыгышында өзү жашаган батирде ымыркайды кардарга берип жаткан жеринен айым колго түшүрүлгөн.

Полиция кылмыш ишин козгоп, тергөө ишин баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM