Биз менен байланышыңыз

Таласта бензин аткезчилери кармалды

Кыска кабар | 13 Апр 2019 | 436 | 0

Чек арачылар Талас облусунун Манас районундагы «Чоң-Капка» чек ара бекетинен 20 тонна күйүүчү май ташып бараткан аткезчилерди кармашты. Окуя кечээ кечинде болгонун Чек ара кызматынан бүгүн билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган жүктү «MAN» үлгүсүндөгү унаа мыйзамсыз ташып келе жаткан. Жүктүн документтеринде бензанол деп көрсөтүлгөнү менен унаада 20 тонна бензин болгон. Жүктү туура эмес документ менен алып өтүүгө шектелип Кыргызстандын 1984-жылы туулган А. Ж. аттуу жараны кармалды. Ал жүк менен кошо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM