Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков 15-16-апрелде Германияга расмий визит менен барат

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 544 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-16-апрелде Германияга боло турчу расмий визитинин алкагында Франк-Вальтер Штайнмайер жана Ангела Меркель менен жолугушат. Бул тууралуу Президенттик Аппаратын маалымат кызматы билдирди.

Президенттик Аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдиргендей, визиттин алкагында Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Германиянын Федералдык Канцлери Ангела Меркель, ошондой эле Бундестаг Президенти Вольфганг Шойбле менен жолугушуулары божомолдонууда.

Мындан тышкары, бизнес-форум өткөрүүсү жана Х. Зайдель атындагы фондунун иш-чарасына катышып, сөз сүйлөөсү божомолдонууда.

«Президент Сооронбай Жээнбековдун алдыдагы визити үчүн жакшы саясий негиз түзүлдү. Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиялык өлкө катары Германиянын канцлери Ангела Меркелдин да, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин да урматтоосуна жана колдоосуна ээ болгон», — деди Данияр Сыдыков.

Жолугушууда гидроэнергетика жана энергиянын жаңыланма булактары, айыл чарбасы, туризм, аймактарды өнүктүрүү боюнча Германия жана Кыргызстандын кооперативдик түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү жүрөт. Бул боюнча Германиянын Улуттук кооперативдер Ассоциациясы менен Кыргызстандын кооперативдер Биримдигинин ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу алдын ала макулдашылган.

Ошондой эле Германиянын Кыргызстанда заманбап фитосанитардык лабораторияны түзүүнү колдоосу жана кыргызстандык адистердин Бавария фитосанитардык лабораториясындагы тажрыйба алмашуусу тууралуу маселе да иштелип жатат.

Эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосундагы изилдөөлөр чөйрөсүндөгү жана айыл чарба жана гидроэнергетика багытындагы адистерди даярдоо жөнүндө меморандумга кол коюу пландалууда.

Ушуга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий визитинин алкагында документтердин чоң топтомуна кол коюу күтүлүүдө.

Андан тышкары, мамлекет башчысынын Германиядагы мекендештерибиз менен жолугушуусу божомолдонууда.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM