Биз менен байланышыңыз

II элдик курултай: Казынага кол салгандардын аты аталат

Саясат | 12 Апр 2019 | 829 | 0

27-апрелде II элдик курултай өтөт. Бул туурасында Азимбек Бекназаров баштаган курултайдын уюштуруучулары айтып чыгышты. Курултайда буга чейинки кабыл алынган чечимдердин аткарылышына, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин жана президенттин ишине баа берилет. Ошондой эле, референдум өткөрүү боюнча кол топтоо башталат.

Өткөн жылдын 24-ноябрында элдик курултайда кабыл алынган чечимдердин бири да аткарылган жок. Бул туурасында мурунку Башкы прокурор Азимбек Бекназаров маалымат жыйынында айтты. Анын билдиришинче, буга чейин «Мекенчил күчтөр» кыймылы баштаган курултайда 20дан ашык чечим кабыл алынып, бийлик өкүлдөрүнө жиберилген. Бирок, белгиленген убакытка чейин бир дагы чечим боюнча жооп келген эмес. Мындан улам элдик курултайга экинчи ирет чогулуп, кайрадан баа берилет.

— Мисалы, биз өткөн курултайда жасалма буйрутма, саясий куугунтук менен козголгон иштер кайра жаңы жагдайлардын негизинде каралсын деп прокуратурага бергенбиз. Жооп болгон жок. Демек, биз алардын ишине канааттанбайбыз. Керек болсо отставкасын талап кылабыз. Ушундай эле чечимди делегаттар өкмөткө, президентке карата айтса, аларды да талап кылабыз.

Ошондой эле, курултай күнү референдум өткөрүү боюнча кол топтоо башталат. Бул туурасында курултайдын чечимдерин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Бузурманкулов билдирди. Маалыматка ылайык, учурда «Референдум өткөрүү жөнүндө» мыйзам долбоору каттоодон өттү. 10 миң кол топтолсо, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет.

— Элдик бийлик орнотуу боюнча элдин каалоосун билели деп жатабыз. Буга чейин бийликтин эл менен иши жок болчу. Кандай бийликтин формасын каалайт, элдин алдында бийлик отчет бериш керекпи, жокпу, депутаттар кандай шайланышы керек? Муну элдин тандоосуна коёбуз.

Бирок саясат талдоочулардын айрымдары бул курултай максатына жетеринен күмөн санап турушат. Анткени, уюштуруучулар ишендирип жаткандай, бул элдик курултай элдин колдоосуна алынарына анчейин ишене беришпейт. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нарынбек Молдобаев эл саясаттан тажап, тынч жашоону каалап турганын билдирди.

— «Курултай» деген сөз биздин конституцияда жок да. Бирок, ызы-чуунун көпчүлүгү курултайдан башталып келген. Муну тарых көрсөттү. Анткен менен, эл колдоого албайт деп ойлойм. Анткени, эл тажады, чарчады.

Ал эми Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова эгерде аталган курултайдын уюштуруучулары конституциянын негизинде кадам таштап жатса, референдумга чейин барышы мүмкүн деген божомолун айтты.

— Мыйзамдагы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып кадам таштап жатышса, аракети референдумга чейин жетиши мүмкүн. Бирок азырынча туура же туура эмес деп айтуу кыйын. Анткени, курултайга ар кайсы саясий күчтөр чогулуп жатпайбы. Пайдалангандар да болушу мүмкүн. Бирок башында айтып жаткан «Атамбаевге кылмыш ишин козгоо» боюнча чечимин мен колдоп келгенмин.

Эске салсак, 2018-жылдын 24-ноябрында элдик курултай өткөн. Анда конституциялык реформаны өткөрүү, курултайды мыйзамдаштыруу, «Кумтөр» боюнча келишимди денонсациялоо, экс-президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин козгоо сыяктуу талаптарды коюшкан.

Copyright © 2017 Maral FM