Биз менен байланышыңыз

Шайлоочулардын 78%ы Башмыйзамдын жаңы долбооруна «макул»

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1584 | 0

Добуштарды автоматтык түрдө эсептөөдөн алынган алгачкы жыйынтыктар боюнча жаңы Конституция үчүн шайлоочулардын 78,9%ы «макул» деген добуш беришти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, 1 миң 444 шайлоо тилкесинин жыйынтыктары боюнча шайлоочулардын 78%дан ашууну «макул» деп, ал эми 13,43 %ы «каршы» добуш берген.

Саат 18:00гө карата Конституция боюнча референдумга 1 млн 61 миң 591 шайлоочу добуш берди.

Добуш берүү үчүн өлкө аймагында 2 миң 483, чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси түзүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM