Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад милициясына кечки саат 7ге карата 4 арыз түштү

Кыска кабар | 11 Апр 2021 | 1561 | 0

Саат 19:00гө карата Жалал-Абад облусунда шайлоо өткөрүүдө маалыматтардын электрондук китебине үгүт иштерине байланыштуу 3, добуш сатып алуу боюнча 1 кайрылуу катталган. Бардык учур боюнча текшерүү жүргүзүлүп, натыйжада маалыматтар такталган эмес. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Шайлоо күнүнө карата Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 700дөн ашуун милиция коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.

Учурда облус аймагында коомдук-саясий абал туруктуу.

Copyright © 2017 Maral FM