Биз менен байланышыңыз

WhatsAppка жаңы функция киргизилет

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 783 | 0

WhatsApp байланыш каражатынын түзүүчүлөрү топтук чаттан келген билдирүүлөр боюнча берилүүчү кабарды өчүрүп коё ала турган жаңы функцияны тесттик сынактан өткөрүп жатышат. Бул тууралуу 9to5Google булагы кабарлады.

Көпчүлүк WhatsApp колдонуучулар ар кандай топтордогу талкууларга кошулуп, андан чыга албай калат. Анткени, чыгып кеткени башкаларга маалымдалып турат. Ошондуктан, ар бир колдонуучунун купуялуулугун камсыздоо максатында, ушундай опция киргизүү зарылчылыгы келип чыккан.

Мындай функцияны пайдалануу менен колдонуучу чаттан келген жаңы билдирүү тууралуу кабардар болбостон деле группада кала алат.

Copyright © 2017 Maral FM