Биз менен байланышыңыз

Дуров WhatsApp колдонуучуларын тиркемени өчүрүп салууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Ноя 2019 | 853 | 0

“Telegramдын” түзүүчүсү Павел Дуров “WhatsAppтын” коопсуздукту сактабагандыгын сынга алды.

«WhatsApp сиздердин каттарыңызды сактабагандан сырткары, өзүнө тийиштүү эмес маалыматтарды сактап, сүрөт жана каттарды аңдып турат”,- деп жазды Telegram-каналында.

Дуровдун ою боюнча, көйгөй ватсапка ээлик кылган Facebookтун саясатына байланыштуу.

Телеграм пайда болгон 6 жылдан бери мындай учурларды жакшы өздөштүргөнүн айткан Дуров, ватсапта система толук кандуу, так болбогондуктан коопсуздук системасында көптөгөн каталарга жол берерин белгилейт.

“Атайын аңдууга ылайыкталып жасалышы — системадан байкоосуздан кеткен катачылык болушу кыйын нерсе”,- деп белгилейт телеграмдын түзүүчүсү.

Мындан улам, Дуров ватсап колдонуучуларын тиркемени өчүрүп салууга чакырды.

Үстүбүздөгү жылдын май айында Дуров ватсап да фейсбук сыяктуу эле бийликте иштейм деген ар бир адам менен колдонуучулардын жеке маалыматтарын бөлүшүп келгенин айтып чыккан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM