Биз менен байланышыңыз

WhatsApp тиркемеси эскертме берүүчү кызматты ишке киргизди

Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 1601 | 0

WhatsApp тиркемесин иштеп чыккандар Any.do сервиси менен биргеликте мессенджерге WhatsApp Reminders (“WhatsApp эскертме”) жаңы кызматты киргизишти. Анын жардамы менен тапшырмаларды түзүүгө жана маалы менен алар тууралуу эскертмени алып турууга болот. Мындай жаңылык колдонуучулардын ишин иреттеп, көп нерсеге жетишүү үчүн киргизилип жаткандыгы белгиленет.

Бул туурасында whatsapp.any.do сайты жазды. Жаңы опцияны бардык мессенджерлерде акы төлөп кошуп алууга болот.

Тапшырманы түзүп, анын эскертмесин алып туруу үчүн Any.do ботуна тиешелүү кат жиберүү керек. Мындан тышкары, тапшырманы автоматтык түрдө түзүү үчүн башкалардан келген билдирүүнү кайра жиберип койсо болот.

Copyright © 2017 Maral FM