Биз менен байланышыңыз

Дубай авиакомпаниясы «Асмандагы Ифтар» жаңы кызматын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Апр 2021 | 1772 | 0

Дубайдын  «Jetex» жеке авиакомпаниясы орозого карата «Асмандагы ифтар» жаңы кызматын жарыялады. Бул тууралуу «Haberturk» басылмасы билдирди.

Маалым болгондой, эки адамдык ооз ачуу үчүн 146 миң дирхам (1 миллион 526 миң 281 сом же 18 миң АКШ доллары) сарпталат. Учурда бул кызматты пайдаланууну каалаган 15 адам алдын ала тапшырык берди.

Авиакомпаниянын билдирүүсү боюнча, кызматка тапшырык берген кардарларды «Jetex VIP» терминалында атайын унаа тосуп алып, учакка чейин жеткирип коёт.

«Асмандагы Ифтар» кызматынан түшкөн акча Бириккен Араб Эмиратындагы глобалдык кайрымдуулук уюмуна которулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM