Биз менен байланышыңыз

Джиу-джитсу дүйнө Кубогу: Төрөкан Багынбай уулу алтын медал тагынды

Кыска кабар , Спорт | 12 Апр 2019 | 555 | 0

Кыргызстандык Төрөкан Багынбай уулу джиу-джитсу боюнча студенттер арасындагы дүйнө Кубогунда алтын медаль тагынды.

Таиландда 10-апрелде өткөн мелдеште Төрөкан 77 килограмм салмакта күч сынашкан. Бул салмакта 10 спортчу катышкан. Мекендешибиз 4 кармаш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен.

Эске сала кетсек, Төрөкан Багынбай уулу өткөн жылы Азия оюндарында да жеңүүчү болгон.

Аталган мелдеште 69 кило салмакта дагы бир кыргызстандык спортчу Бекболот Тиленбаев катышып, коло байге алган.

Copyright © 2017 Maral FM