Биз менен байланышыңыз

Ош: Азия чемпионатында күмүш медаль алган Төрөкан Багынбай уулун салтанаттуу тосуп алышты

Кыска кабар | 22 Июл 2019 | 483 | 0

Бүгүн, 22-июлда джиу- джитсу боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль алган Төрөкан Багынбай уулун Ош эл аралык аэропортунан салтанаттуу тосуп алышты. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Ага Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев, комитеттин кызматкерлери, спортчунун жакындары жана күйөрмандары катышты.

Кылыч Саркарбаев спортчуну шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан куттуктап, Ош шаарында, мамлекетибизде спортту өнүктүрүүгө кошкон салымын баса белгиледи.

Кошумчалай кетсек, жиу-житсу боюнча Азия чемпионаты 14-22-июль күндөрү Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өттү. Анда Төрөкан Багынбай уулу 77 кг. салмактык категорияда күч сынашып, күмүш медаль алган.

Copyright © 2017 Maral FM