Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык джиу-джитсу чеберлери Азия чемпионатында 2 күмүш, 2 коло байге утту

Кыска кабар , Спорт | 18 Июл 2019 | 472 | 0

Кыргызстандык джиу-джитсу чеберлери Азия чемпионатын ийгиликтүү башташты.

Ушул күндөрү Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында джиу-джитсу спорту боюнча Азия чемпионатында 2 күмүш, эки алтын байге утушту. Бул тууралуу улуттук джиу-джитсу федерациясынан кабарлады.

69 кило салмактагылар арасында Далер Марасулов үчүнчү орунду камсыздап, коло байге тагынды. 77 кило салмакта күч сынашкан Төрөкан Багынбай уулу экинчи орунду ээлеп, күмүш байге утту.

Ал эми бир туугандар Муртазали менен Абдурахманхаджи Муртазалиевдер 85 кг салмакта күч сынашып, Муртазали күмүш, ал эми Абдурахманхаджи коло байгеге татыды.

16-июлда башталган Азия биринчилиги 22-июлга чейин созулат.

Copyright © 2017 Maral FM