Биз менен байланышыңыз

Казакбаев: Парламентти таркатууну колдобойм

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2019 | 501 | 0

«Азыркы учурда парламентти таркатуу маселесин колдобойм. Анткени, өлкөдө ансыз да саясий чыңалуу күчтүү болуп турат». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын баамында, ЖКны таркатып, шайлоо өткөрүлсө да, парламентке кайра эле ушул депутаттар келет.

«Парламенттик шайлоого бир жыл убакыт калды. Ага чейин шайлоо боюнча мыйзамдардын баарын өзгөртүп, элге тааныштыруу зарыл», — дейт Казакбаев.

Эл өкүлү мындан сырткары, депуттардын баары начар иштеп жатат деген пикирден алыс экенин белгиледи

«Себеби демократиялык коомдо мындай сындар айтыла берет. Саясий атаандаштыктын мааниси мына ушунда. Андыктан  шайлоодон, саясий атаандаштыктан, митингден коркпошубуз керек», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM