Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда дагы 295 мектепте ысык тамак уюштурулат

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 737 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги 2019-2020-окуу жылына карата республиканын 295 мектебинде ысык тамак уюштурууга даярдык көрүп жатат. Анын ичинен 200 мектепте демилге «Мерсико» эл аралык уюмунун жардамы менен ишке ашырылат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Учурда бул мектептердин ашканаларында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында бир ай бою ысык тамак уюштуруу боюнча семинар-тренингдер өткөрүлдү. Бул семинар-тренингдерге Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, айыл өкмөттөрдүн башчылары, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/башкармалыктарынын мектеп тамак-ашы боюнча кызматкерлери жана мектеп администрациясынын ысык тамакты уюштурууга жооптуу өкүлдөрү катышышты.

Ошондой эле, министрлик ашпозчуларды окутуудан өткөрүүнү пландап жатат.

Бүгүнкү күндө өлкө мектептеринин 60,6 %ы (1371 мектеп) ысык тамак менен камсыз болууда.

Copyright © 2017 Maral FM