Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Маселе чечилбей жатса, өзүмдү өзүм сындайм

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 622 | 0

Өлкөдө бат чечилбей турган айрым көйгөйлөр бар. Айрыкча, жумушсуздук маселеси узак убакытты талап кылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалицияга отчёт берип жатып айтты.

— Айрым көйгөйлөрдүн тез чечилбей жатканына өзүмдү өзүм сындайм. Бирок аракет кылам. Депутаттар, сиздер да колдоп жатасыздар. Максаттарыбызды ишке ашырууга аракет кылабыз.

Жаштар жумуш издеп сыртка чыгып кетип жатканы, билимине жараша маяна албай жатканына да токтолду. Ал үчүн экономика жогорулап, жумушчу орундар түзүлүшү керектигин белгиледи. Өкмөт башчынын айтымында, сыртка кеткен мигранттардын 80 %ын элет тургундары түзөт. Аймактарды өнүктүрүү иштеринин максаты: аларды өлкөгө кайтаруу болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн өткөн жылдагы иши боюнча Жогорку Кеңештин коалициясына отчёт берүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM