Биз менен байланышыңыз

Үйү менен кошо өрттөнүп кете жаздады

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 590 | 0

Чүйдүн Кант шаарында турак үй менен сарай өрттөнүп, өчүрүүгө аракеттенген үй ээсин да от чарпкан.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Өрттө жалпы аянты 200 чарчы метрди түзгөн барак тибиндеги турак үй жана сарай толугу менен күйүп кеткен.

Ал эми, 1953-жылы туулган А. А. аттуу үй ээси жеңил күйүк алган.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM