Биз менен байланышыңыз

Казакбаев: Өкмөттүн жок дегенде 80 %ын алмаштыруу керек

Кыска кабар , Пикирлер | 12 Апр 2019 | 435 | 0

Өкмөттүн эң аз 80 %ын алмаштыруу керек. Мындай пикирин депутат Руслан Казакбаев «Маралга» маек берип жатып айтты.

Анын айтымында, өкмөт башчы жоопкерчиликтин баарын президентке жүктөп койду.

«Эгер президент чарбалык иштерди жакшы билсе, өкмөт башчынын иштеши кыйын болуп калат. Биз же парламенттик, же президенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Күч түзүмдөрү президенттин колунда болуп турганда, бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталбайт», — дейт депутат.

Белгилей кетсек, 11-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков парламент трибунасында 45 мүнөт сүйлөп, өкмөт аткарып жаткан иштер тууралуу айтты. Экономикалык, социалдык багытта жасалган иштер, коррупция менен күрөштүн жыйынтыктары, тышкы мамлекеттер менен түзүлгөн алакага кенен токтолду. Ошол эле учурда президент бул кайрылуусу менен серепчилерди ынандыра албагандай. Себеби, анын айткандарын премьер-министрдин сөзү деп сындагандар да болууда.

Copyright © 2017 Maral FM