Биз менен байланышыңыз

Өтүкчүнүн «КАДАМЫ»

Блог , Портрет | 11 Апр 2019 | 31051 | 0

Алмаз Өмүров — өтүк ултарган кыргыз жигити. «Кадам» деп аталган чакан ишкананын түзүүчүсү Алмаз элеттен келген бала. Бала күнүндө атасынан өтүк ултарууну үйрөнгөн жайы бар. Кийин шаарга келип студент болгон жылдарында бут кийимдин азабын көп тартат. Кытай менен Секонд хенддин сасык, сапатсыз бут кийимин кийүүдөн арданат. Кымбатка акчасы жетпейт. Анан айласы кеткенде Бишкектеги «Тери» ишканасынан таза терилерден сатып алып, өзүнө бут кийим тигет.

Ошондон баштап ал бут кийим тигүүнү баштайт. Бара-бара өзүнө окшогон кыргыздар үчүн бут кийим тигем деген оюн ишке ашыра баштайт. Эки түгөй бут кийим тигип алып, борбор калаадагы Ош базарынын бут кийим саткан жагына көтөрүп барат. Сатуучулар албайт. Айрымдар: «Мындай кыргызча оюу басылып, таза териден колго тигилген бут кийимди артистерге же чет өлкөлүктөргө сатсаӊ кымбат өтөт», — деп кеӊеш беришет. Бирок, Алмазга көз майын коротуп тиккен эки түгөй бут кийиминин акчасы маанилүү болгон эмес эле. Ал өзү сыяктуу жөнөкөй, чөнтөгү жука БИР КЫРГЫЗдын бутун жылыткысы келген. Анан акыры бут кийимин базардагы сапатсыз кытай өндүрүшүнөн келген бут кийимдин баасында сатыкка коюп, сатылып кетет.

«Бут жылыса, бүт жылыйт»,- дейт кыргыз. — Байлар ансыз да териден кийет. Мен карапайым кыргызга сапаттуу бут кийим кийгизгим келет, ошол менин максатым, ошол менин МЕКЕНге кошкон салымым»,-  деген эле Алмаз буга чейинки бир маегинде. Кудай адамдын ниетине жараша берет баарын. Албетте жакшы ойлордун берекеси болоруна кыргыз ишенет. Азыр Алмаз бир гана бут кийим эмес, өзүнө териден жайы-кышы кийиле турган калпактарды, сумкаларды жана башка буюмдарды тигип, кардарларын сүйүнтүп келет.

Каармандын эӊ таасирлүү сөзү: «Көрсө уйчу уйларын мыкты кайтарса, дыйкан жерин жакшы бакса, дарыгер ак кызмат өтөсө, мугалим өз билимин балдарга толук кандуу жеткирсе, студенттер сабактан качпай жакшы окушс,а мына ушунун өзү Мекенге кошкон эӊ чоӊ салым экен. Мен да өзүмдү өтө мекенчил өтүкчү катары тааныштыруудан уялбайм».

БИЗ баарыбыз кичинекей КЫРГЫЗСТАНБЫЗ! Мекен көп тил билген, ар тараптуу өнүккөн, акылгөй, көрөгөч, ыймандуу мырза мүнөз, сөөлөт күтө алган уул-кыздарын сагынды…

Жазгүл ЖАМАНГУЛОВА 

Copyright © 2017 Maral FM