Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев 12 жашар Данилди издөөгө бардык күчтү жумшоону милдеттендирди

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 449 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 12 жашар Данилди издөөгө бардык күч-аракеттерди жумшоону милдеттендирди. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппаратын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге баланы издөөнү көзөмөлгө алуу жана бул үчүн бардык күч-аракеттерди мобилдештирүү тапшырмасын берди.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, баланы мүмкүн болушунча тез арада аман-эсен табууга болгон күч-аракетти жумшоо керек.

Кошумчалай кетсек, Кант шаарында белгисиз адамдар 12 жаштагы баланы таксиге салып уурдап кетишкен. Учурда издөө иштери жүрүүдө. «Хонда Фит» унаасын издөө үчүн Кант авиабазасынын тик учагы эки жолу асманга көтөрүлүп, бирок жыйынтык чыккан эмес.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM