Биз менен байланышыңыз

Туризмден мамлекеттик бюджетке 107 054 900 сом салык түштү

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 454 | 0

2018-жылы ИДПдагы туризмдин үлүшү 4,99% түздү. Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн өлкөгө 6 946 500 адам келип кеткен. Туристтик ишмердиктен мамлекеттик бюджетке түшкөн салык 107 054 900 сомду түздү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Туризмди өнүктүрүү маселелерин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди.

Вице-премьер-министр ырастагандай, бүгүнкү күндүн артыкчылыктарынын бири — инфраструктураны өркүндөтүү болуп саналат.

«Туристтик бизнести кантип пайдалануу керек? Өлкөгө туристтерди кантип тартуу керек? — деген суроолор ишибиздин артыкчылыгы болушу керек.  Авиалиниялар түйүнүн жана заманбап аэропортторду өнүктүрүү зарыл. Муну менен катар, туризм тармагы экологияга зыянын тийгизбей, актуалдуу экологиялык талаптарды эске алуу менен өнүгүүсү шарт», – деп белгиледи Алтынай Өмүрбекова.

Мындан сырткары, ар бир облуска «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасынын өкүлү бекитилиши керек экендигин кошумчалады.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча 2019-жылдагы жайкы туристтик сезонго даярдануу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы кабыл алынды, тиешелүү органдарга аталган Планды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн конкреттүү тапшырмалар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM