Биз менен байланышыңыз

Салык кызматы мамлекеттик сатып алуулар боюнча семинар өткөрдү

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 403 | 0

Мамлекеттик салык кызматы аймактык салык органдарынын алтымыштан ашуун каржы кызматкерине 2018-2019-жылдары мамлекеттик сатып алууларга тийиштүү  мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрү боюнча окутуу семинарын өткөрдү. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Семинардын катышуучуларына Кыргызстандын мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды, жетишпестиктерди жана боштуктарды жоюу, Евразия экономикалык бирлигинин укуктук-ченемдик актылары менен айкалыштыруу, ошондой эле Кыргызстандын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Көрсөтмөлүү жана тажрыйбалык бөлүктөн турган семинардын жүрүшүндө мамлекеттик сатып алуулардын расмий порталы онлайн режимде колдонулган.

Ошондой эле, катышуучуларга Кыргызстандагы мамлекеттик сатып алуу мыйзамындагы күчүнө кирген акыркы өзгөртүүлөрү боюнча материалдар таратылып, семинардын темасы боюнча жооптор берилген.

Белгилей кетсек, ушул эле кызматкерлер Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан уюштурулган «Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестри» өнүктүрүлгөн ведомстволор аралык автоматташтырылган маалыматтык системасындагы негизги фонддорго баалоо жүргүзүү, иштин жыйынтыгын эсепке алуу жана ченемдик-укуктук актыларды иш жүзүндө колдонуу предметтери боюнча окутуудан өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM