Биз менен байланышыңыз

«Президент кандай ой айтса да, өкмөттүн жакшы баа алышы татаал»

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 600 | 0

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков парламенттеги кайрылуусунда эч бир саясий топтун кызыкчылыгы үчүн иштебей турганын дагы бир жолу далилдеди. Мындай пикирин Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын баамында, Жээнбеков президенттик шайлоодо көрсөткөн программасы аткарылып жатканын белгилөөгө аракет кылды. Президент бүгүнкү күндө өзү үчүн маанилүү болуп турган маселелерге токтолду.

«Президент кандай ой айтса да, өкмөттүн ишине баа берүү парламенттин колунда. Жээнбеков өкмөттүн ишиндеги орчундуу маселелерге гана токтолду. Менимче, Жогорку Кеңештин талаптары катуу болот. Андыктан өкмөттүн жакшы баа алышы татаал», — дейт Акматалиев.

Кошумчалай кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде Жогорку Кеңеште билдирүү жасады.

Copyright © 2017 Maral FM