Биз менен байланышыңыз

Акматалиев: «Кадр маселесинде ТИМге ачыктык керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Ноя 2019 | 504 | 0

Тышкы иштер министрлигинде кадрлар кандай негизде тандалып жатканын эч ким билбейт. Бул жагынан ТИМге ачыктык керек. Мындай пикирин саясат талдоочу Алмаз Акматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Тышкы иштер министрлигинде кадр саясаты, кызматкерлерди тандоо, алмаштыруу, бошотуу системасы жабык бойдон калууда:

-Элчилерди мамлекеттер менен болгон мамиленин тарыхына жараша тандоо зарыл. Дипломатия — тил билүү эмес. Элчи геосаясатты, президенттин саясатын түшүнүшү керек. Күчтүү дипломат салкын мамилени оңдоп коюшу мүмкүн. Ал эми солгундап кеткен мамилени күчтүү дипломат да калыбына келтире албашы ыктымал. Бул жерде менеджменттин мыйзамдары иштеши керек», -дейт Акматалиев.

Ал белгелигендей, мамлекетик кызматтан кеткендердин элчи болуп дайындалуусу дүйнөлүк тажрыйбага мүнөздүү көрүшүн. Элчинин имиджи да маанилүү. Мисалы, министр, өкмөт башчы болуп жүгөн адам элчи болуп барса, ал аркылуу мамлекетке сый-урмат көрсөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM