Биз менен байланышыңыз

«2020-жылы парламенттин сапаттык курамында чоң өзгөртүү болбойт»

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Окт 2019 | 449 | 0

2020-жылы парламентте жаңы секирик жасалбайт. Анткени, шайлоо системасы, эрежелери өзгөргөн жок. Мындай пикирин Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, саясат талдоочу Алмаз Акматалиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылы жаңыланууга болгон муктаждык сезилүүдө. Бирок жаңы саясий лидер, партия чыккан жок. Мындан улам азыр бийликте турган партиялардын баары шайлоого аттанат.

«9 пайыздык чек азыркы парламентке ыңгайлуу. Аларга атаандаштын кереги жок. 2020-жылы Жогорку Кеңеште кескин өзгөрүү болбойт. Парламенттин ой жүгүртүүсүндө, сапаттык курамында чоң өзгөртүү болбойт. Азыркы чакырылыш толугу менен байлардын парламенти», — дейт Акматалиев.

Ал Улуттук демократиялык кыймыл партиясынын өкүлү экенин белгиледи. Парламенттик шайлоого карата башка партиялардан сунуш түшсө, ойлонуп көрөрүн кошумчалады.

«Депутат болбосом да, салым кошууга аракет кылып жүрөм. Тилекке каршы, партиянын программасын окубаган депутаттар бар,  азыр баары бир партиядагыдай», — дейт саясат талдоочу.

Copyright © 2017 Maral FM