Биз менен байланышыңыз

Акматалиев: Өлкө президентик башкарууга өтүшү керек

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Окт 2019 | 471 | 0

Кыргызстан президенттик-парламенттик башкаруу системасы менен алыс кетпейт. Өлкө президентик башкарууга өтүшү керек. Мындай пикирин Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, саясат талдоочу Алмаз Акматалиев «Маралга» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Мен айткан президенттик башкарууда өкмөт башчы болбойт, баарына президент өзү жооп берет. Президент бир эле убакта премьер-министрлик милдет аткарышы керек. Бизде бир түндө өкмөттүн курамын курап жатабыз. Күчтүү президент аткаруу бийлигинин башчысы болуп, парламент, сот бийлиги баланс болуп бериши кажет», — дейт Акматалиев.

Анын айтымында, учурда референдум өткөрүп, толугу менен парламентик же президенттик шайлоого өтүү керек. Бул маселе чечилмейинче өзгөрүү болушу кыйын.

«Башмыйзам туура эмес. Биз эл шайлаган президент күчсүз болсун, эч нерсеге кийлигишпесин деп жатабыз. Эки баштуу бийлик болбошу керек. Учурда парламентти да, президентти да эл шайлаган», — дейт саясат талдоочу.

Copyright © 2017 Maral FM