Биз менен байланышыңыз

Фарид Ниязов Толгонай Стамалиеванын билдирүүсүнө жооп берди

Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 561 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын жетекчиси Фарид Ниязов президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиеванын Фейсбук баракчасындагы билдирүүсүнө комментарий калтырды.

Анда Фарид Ниязов мындай билдирүүгө толук комментарий бере албай турганын айтып, президенттин катчысынын постундагы эки жагдайга: Сооронбай Шариповичтин Алмазбек Атамбаевдин эркине каршы президент болгону жана чыккынчы деп атагандыгына токтолуу керек экендигин айткан.

Ошондой эле маалымат катчынын интернет-билдирүүсүн Сооронбай Жээнбековдун актануусу деп баалап, президенттин жакын адамдары тарабынан коомдун көңүлүн буруу максатында жазылган катардагы көрүнүш деп эсептеген. Ошондой эле, Стамалиева жазган үч маалыматка жооп берген.

Биринчисинде, Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы мамиленин бузулушуна Минсктеги Жээнбековдун казак президенти менен сүйлөшүүсүнүн эч кандай тиешеси жок экенин, мамиле басма сөз катчыны айтканынан да көп убакыт өткөндөн кийин бузула баштаганына токтолгон.

Экинчисинде, 2016-жылы КСДПдан талапкерлердин сап башында Сооронбай Жээнбеков болгонун айтып, ошондон улам, башкаруучулук кызматтарга «акырын» жылдырылып отуруп, КСДПнын атынан премьер-министр болгонун айткан. Ошондой эле, Өмүрбек Бабановдун рейтингин түшүрүү максатында, анын казак президенти Нурсултан Назарбаев менен болгон жолугушуусун сынга алганын белгилеген.

Үчүнчү бөлүгүндө болсо, Жээнбеков Өмүрбек Бабановдон утулуп баратканда, премьер-министрликтен кетүүсүн суранышканын, себеби, ошол кезде талапкердин штабын бекемдеш үчүн Сапар Исаковдун премьер-министр болуп келиши зарыл маселе болгонун, демек, Сапар Исаковдун бийликке келиши, Сооронбай Жээнбековдун шайлоодон утуп чыгуусуна кандайдыр бир деңгээлде таасир эткенин жазган.

Copyright © 2017 Maral FM