Биз менен байланышыңыз

«Жоруктар» кодекси менен жоопко тартылгандарга мунапыс берилбейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Апр 2019 | 823 | 0

Мунапыс жөнүндөгү мыйзамдын мүмкүнчүлүктөрү Кыргызстандын аймагында жоопкерчиликке тартылган жана жазасын өтөп жаткандарга тиешелүү. Бул тууралуу жактоочу Бактыбек Асамудинов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөдө соттолгон жарандар жана Кыргызстанда «Жоруктар» кодекси менен жоопкерчиликке тартылгандар Мунапыс мыйзамынан пайдалана алышпайт.

Ал эми «Жазык» кодекси боюнча жоопко тартылгандарга мунапыс берилет.

«Тилекке каршы, райондук соттун чечимдери 30 күндөн соң гана күчүнө кирет. Муну жарандардын укугун тебелегендик катары эсептейм. Соттор кодексти өзүнө ылайыкташтырып жазган деп ойлойм», — дейт Асамудинов.

Ал белгилегендей, мунапыс берүү – толугу менен эркиндикке чыгуу эмес, болгону кылмыштын жазасын жарым-жартылай азайтуу.

«Анча оор эмес кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратуунун өтөлө элек мөөнөтүнүн 1/2 бөлүгү кыскартылат. Ал эми оор кылмыштар үчүн эркиндигинен ажыратуунун өтөлө элек мөөнөтүнүн 1/3  бөлүгү кыскартылат. Бул көрсөткүч өзгөчө оор кылмыштар үчүн 1/4 бөлүктү түзөт», — дейт жактоочу.

Copyright © 2017 Maral FM