Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда 20 миңден ашуун адамга мунапыс берилет

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Окт 2019 | 558 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 20 миңден ашуун адамга мунапыс жарыялаган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу «Борбор Азия жаңылыктары» порталы жазды.

Өлкөдө 6-ноябрда Баш мыйзамдын 25 жылдыгы белгиленет. Буга карата мунапыстын мыйзам долбоору буга чейин парламентке киргизилген.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, кабыл алынган мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдар эки ай ичинде мунапысты ишке ашырып, президентке отчет тапшырышы керек.

Расмий маалыматка ылайык, мунапыс оор эмес кылмыш үчүн абакта отурган, ушул тапта иши сотто каралып жаткан 20 миңден ашуун адамга жарыяланат. Учурда коомдук аткарууга милдеттендирилген 4,5 миң киши да жеңилдик алат.

Башкы прокурор Юсуф Рахмон мындан тышкары түрмөдө 12 жылдан ашык жаза өтөгөн аялдар, ошондой эле өспүрүмдөр мунапыска туш болорун билдирди.

Мыйзамга ылайык абактарда отурган 300 аялдын 165и, ошондой эле тарбиялоочу жайлардагы 75 өспүрүмдүн 58и бошотулат, — деди Юсуф Рахмон.

Буга кошумча жашы 55тен өткөн эркектер, майыптар, оорукчандар, өлкөдө жана чет жакта согушка катышкандар менен Чернобыль алааматынан жабыр тарткандарга мунапыс берилет. 9 миңге жакын кишинин жаза мөөнөтү кыскартылат.

Ал эми кылмыш иштерге айыпталып, бирок, күнөөнү моюнга албай отурган саясий туткундар мунапыска илинбейт. Мындан тышкары, өмүр бою абакка кесилгендер, экстремизм жана терроризмге айыпталгандар, мурда мунапыска илинип абактан чыгып, кайра кылмышка баргандарга жеңилдик берилбейт.

Акыркы жолу мунапыс 2016-жылы берилип, анда 12 миң адам жеңилдик алган.

Copyright © 2017 Maral FM