Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев Рамазан айынын урматына 258 адамга мунапыс берди

Дүйнө , Кыска кабар | 22 мая 2020 | 710 | 0

Рамазан айынын урматы үчүн Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев мунапыс тууралуу жарлыкка кол койду. Анын негизинде абактарда жаза өтөп жаткан айрым жарандар бошотулат. Бул тууралуу centralasia.media сайты жазды.

Маалыматка ылайык, 16 адам толугу менен жазадан бошотулат. 101 адамдын жаза өтөө убактысы мөөнөтүнөн эрте бүтсө, 24 адамдын жазасы жеңилдейт. Ошондой эле 117 адамдын жаза өтөө мөөнөтү кыскарат.

Мунапыс алгандардын арасында 60 жаштан ашкан 7 эркек киши, 1 аял киши, чет өлкөлөрдүн 7 жараны жана тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүн жүргүзгөн 164 адам бар.

Мамлекеттик органдарга абактан чыккан адамдарга колдоо көрсөтүү, жумушка тартуу тууралуу тапшырмалар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM