Биз менен байланышыңыз

Жактоочу: Садыр Жапаров 6-февралдан тарта жатак абакка чыгарылышы керек

Кыска кабар | 6 Янв 2020 | 647 | 0

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаров бир айдан кийин жатак абагына чыгарылат. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов “Маралга” бүгүн билдирди. Анын айтымында, мыйзам боюнча Жапаровдун түзөтүү жайындагы мөөнөтү 2020-жылдын 5-февралында аяктап, 6-февралдан тарта жатак абагына чыгарылышы керек.

Жаңы мыйзам боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) тарабынан түзүлгөн комиссия карап чыгып, эгерде Садыр Жапаровдун кылмыш иши боюнча карызы жок болсо, абакта жүргөн учурда тартип бузбаса, анда ал жатак абакка чыгарылышы керек, — деди Шарабидин Токтосунов.

Жактоочу ошондой эле буга толук ынануу максатында Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү колониясынын жетекчисине эки жолу кат менен кайрылып, Садыр Жапаров «6-февралда жатак абагына которулат» деп расмий жооп алышканын кошумчалайт.

Жатак абактын шарты боюнча камалган жаран өз үйүнө чыгарылып, маал-маалы менен абакка барып каттоодон өтүп турат.

Ал эми Садыр Жапаров президентке ырайым берүү боюнча кайрылган арызына азырынча жооп боло электигин бизге билдирди.

Эскерте кетели, Садыр Жапаров 2017-жылы 25-мартта чет өлкөдөн «Ак-Жол» чек ара бекетинен Кыргызстанга кирери менен УКМК тарабынан кармалган.

Экс-депутат «2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган» деп айыпталып, 10 жылга кесилген.

Жапаров өткөн жылдын октябрь айында президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылган.

Copyright © 2017 Maral FM