Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин жан сакчысы Сагымбаев Алга Кылычов менен жолугушуудан баш тартты

Кыска кабар | 18 Окт 2019 | 2158 | 2

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы кызматкери, Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев КСДП партиясынын өкүлү Алга Кылычов менен тергөөдө бетме-бет жолугуудан баш тартты.

Бул тууралуу аскер кызматкеринин жактоочусу Бакытбек Автандил уулу маалымат каражаттарына билдирет. Ал Канат Сагымбаев тергөөнүн сурагына жооп берүүгө даяр экенин, азырынча ал суракка алына электигин билдирди.

Тергөөчү Канат Сагымбаевге экспертиза дайындалганы жөнүндө токтомду берген. Бирок жактоочуларга кандай экспертизалар жүргүзүлөрү тууралуу маалымдалган эмес. Мен кызыкчылыгын жактап жаткан айыпталуучу мурда тергөөдө күбө катары өтүп жаткан. Кылмыш кодексине ылайык, ага шектүү катары билдирме бергенде эле ага экспертиза өткөрүү зарыл экени тууралуу маалымдоо берилиши керек болчу. Бул иш аткарылган жок”, — деди Бакытбек Автандил уулу.

Жактоочу ошондой эле, эртең, 19-октябрда Канат Сагымбаевди колдогондор Максим Горький паркына митингге чыгаарын кошумчалады.

Мурдагы президент Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев “Массалык башаламандыкты уюштуруу”, “Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”, “Топтошуп адам өлтүрүү” жана “Тергөө органдарынын же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу”, — деген төрт берене менен айып коюлуп жатат.

2 пикир

2 пикир

  1. Гулжан

    20.10.2019 13:12

    Ак ийилет бирок сынбайт.Авабыз ак биздин

  2. Баракан к Гулжан

    20.10.2019 13:17

    Марал радиосу коптон коп сураныч Канат Сагынбаевдин апасын жана келинчегинин созун угуп койунуздарчы

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM