Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин экс-жансакчысынын иши боюнча 16 экспертиза дайындалды

Кыска кабар | 18 Ноя 2019 | 619 | 0

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тогузунчу кызматынын мурдагы өкүлү Канат Сагымбаевдин иши боюнча 16 экспертиза дайындалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Бакытбек Автандил уулу маалымат каражаттарына билдирди.

Анын айтымында, баллистикалык экспертиза да жүргүзүлүп жатат. УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн аскери Үсөнбек Ниязбеков кандай куралдан атылганын эксперттер азыркыга чейин аныкташа элек.

Жактоочу бул иш боюнча тергөө дагы эки айга созуларын божомолдойт. Канат Сагымбаев тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп бербей, бетме-бет жолугушууларда үн чыгарбайт.

Канат Сагымбаев «Массалык башаламандыкты уюштуруу», «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу», «Топтошуп адам өлтүрүү» жана «Тергөөчү же башка кызмат адамдарынын аракеттерине тоскоолдук жаратуу» беренелери боюнча айыпталып келет.

Copyright © 2017 Maral FM