Биз менен байланышыңыз

Дипломаттын өлүмүнүн чоо-жайы

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 3343 | 0

Кечээ, 1-апрелде Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров каза болду. Бирок өлүмдүн себеби айтыла элек.

Саламаттыкты сактоо жаатындагы эксперт Елена Баялинова социалдык тармакка Шакиров коронавируска каршы эмдөө алганын, бул шек жаратуучу жагдай экенин жазып чыкты.

«39 жаштагы маркумдун туугандары 2-апрелде эртең менен чалып, Шакиров COVID-19га каршы эмдөөдөн мурунку күнү биринчилерден болуп «SinoPfarm» вакцинасын алганын айтышты. Белигилүү болгондой, вакцина «China Biotekshnology Go LTD» компаниясынан 150 миң доза  келген. Бахтияр Шакиров Москвадагы квалификациясын жогорулатуу курстарына кетмек болчу, ошондуктан ал өзүн коргоп, эмдөө процедурасынан өтүүнү чечкен. Менин оюмча, болгон окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги объективдүү кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыктары жөнүндө отчет бериши керек. Ал эми өлкөнүн дарыгерлери бул фактыны эске алып, эмдөөдөн өтө турган жарандарды кылдат текшериши керек. Мүмкүн болушунча реакциялардан жана кыйынчылыктардан жаңы жоготууларга жол бербөө зарыл», — деп билдирди Баялинова.

Ал эми Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Бахтияр Шакиров коронавируска каршы вакцина алгандыгын тастыктаган жок. Ошондой эле министрлик Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун эксперттеринин маалыматы боюнча, маркумдун сөөгүн текшерүүдө вакцинага мүнөздүү издер табылбагандыгын билдирет.

Азыр Шакировдун өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 2021-жылы 1-апрелде болжол менен саат 00:14 чамасында 102 кызматына Эне-баланы коргоо улуттук борборунан болжол менен 40 жаштардагы адам каза болгону тууралуу чакыруу келип түшкөн.

Окуя болгон жерге шаардык милициянын экинчи бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу барганда алгачкы маалыматтар алынган, анда 2021-жылы 31-мартта болжол менен 22:30дар чамасында 1982-жылы туулган Ш.Б. асма укол алуу үчүн өзүнүн дары-дармектери менен аталган ооруканага келген. Медайым ага асма укол сайгандан кийин өзүн жаман сезип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабай, эсине келбей жатып, ошол жерде каза болгон.

Аталган факт Ленин райондук ИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Мындан тышкары өлүмдүн себебин аныктоо үчүн зарыл болгон бардык соттук-медициналык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Copyright © 2017 Maral FM