Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы Токон Мамытов жан сакчы Канат Сагымбаевдин жакындары менен жолукту

Кыска кабар | 30 Окт 2019 | 864 | 0

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов мурдагы президент Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин жакындарын кабыл алды. Жолугушууга жан сакчынын атасы, жубайы жана бир тууган иниси катышты.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы билдирди.

Канат Сагымбаевдин жубайы Мээрим Бердибекова 4 баланын апасы экенин, ден соолугуна байланыштуу иштей албай турганын билдирген. Мындан сырткары тийиштүү ишеним документтердин жоктугуна байланыштуу күйөөсүнүн маянасын ала албай жатканын билдирген.

Омбудсмен институту айтылган маселелерди карап, аларды чечүү боюнча иштер башталганын кабарлайт.

Copyright © 2017 Maral FM