Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча тергөөнүн суроолоруна жооп берүүгө даяр

Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 529 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев азырынча «Азаттык» радиосунун журналисттик иликтөөсүнүн алкагында келтирилген фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш алкагында тергөө органдарына суракка чакыртма ала элек. Бул тууралуу Премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

Өкмөт башчы башынан эле бул иш боюнча тергөөнү ар тараптуу жана тыкыр жүргүзүүнү колдойт жана аны укук коргоо органдарынан талап кылат. Албетте, Мухаммедкалый Абылгазиев зарыл болгон шартта тергөөнү кызыктырган бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Copyright © 2017 Maral FM