Биз менен байланышыңыз

Алга Кылычевдин тарапташтарына каршы көрсөтмө бергени боюнча КСДП үн катты

Кыска кабар | 9 Окт 2019 | 644 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалашы болуп жүргөн Алга Кылычовдун экс-президентке, тарапташтарына каршы көрсөтмө бергени боюнча КСДП партиясы үн катты.

Партиянын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева маалымат каражаттарына маек берип, Кылычовго карата тергөө тарабынан катуу кысым болгон деп болжолдогонун айткан.

«Акыркы беттешүүдө Алга Кылычовдун абалы оор болуп турганын байкагам. Анын ден соолугу да начар, кант диабетти жана астма оорусу менен ооруйт. Ошондуктан ага кысым көрсөтүлүп, ушундай ойдон чыгарылган көрсөтмө алышы мүмкүн», — деди Кундуз Жолдубаева.

Кечээ бир катар маалымат каражаттарында Алга Кылычов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти басып алууга аракет жасаган деп билдиргени айтылган.

Ал ошондой эле КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева, Амантур Жамгырчиев, Мээрбек Мискенбаев жана Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевге каршы көрсөтмө берип, бул адамдар массалык башаламандыкты жана барымтага алууну уюштурган деп билдиргени айтылды.

Эске салсак, Алга Кылычов 10-августта милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ага карата «Ээнбаштык», «Массалык башаламандыктарды уюштуруу» боюнча айыптар тагылган.

Copyright © 2017 Maral FM