Биз менен байланышыңыз

КСДП мүчөсү Алга Кылычов 9-декабрга чейин камакта болот

Кыска кабар | 22 Окт 2019 | 425 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычев 9-декабрга чейин камакта болот. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Биринчи май райондук соту чыгарды.

Мурунку президенттин тарапташтары Амантур Жамгырчиев, Марат Шаменов, Алга Кылычев, Кыяс Смаилов, президенттин аппаратынын мурунку башчысы Фарид Ниязов жана башкаларга «Массалык башаламандык», «Адам өлтүрүү», «Барымтага алуу» беренелери боюнча айып тагылууда.

Эске салсак, буга чейин Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев айыпталуучу Кылычев мурунку президентке каршы көрсөтмө бергенин буга чейин айтып чыккан болчу.

Ал жакында эле № 1 тергөө абагынан Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына которулду.

Copyright © 2017 Maral FM