Биз менен байланышыңыз

Тажикстан Рогун ГЭСин курууга Бүткүл дүйнөлүк банктан жардам сурады

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 574 | 0

Тажикстан Рогун ГЭСин курууга Бүткүл дүйнөлүк банктан жардам сурады. Каржылык жардамдын көлөмү азырынча айтыла элек. Бул тууралуу өлкөнүн улуттук банкынын маалымат кызматы кабарлайт.

Финансылык жардам боюнча өтүнүчтү улуттук банктын төрагасынын орун басары Джамолиддин Нуралиев дүйнөлүк банктын улук экономисти Гоар Гюлуман жана уюмдун Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Ян Питер Олтерс менен жолугушуусунда билдирген.

Нуралиев жолугушууда Рогун ГЭСинин аймактын элинин арзан электр энергиясына жетишүүсүндө мааниси зор экенин белгилеген.

Тажикстан Рогун ГЭСин мамлекеттин каражатына куруп баштаган. Өлкөнүн финансы министрлигинин маалымат боюнча, 2019-жылы ГЭС курууга 2 млрд. 100 млн. сомони (222 млн. АКШ доллары) бөлүнгөн.

Ал эми өткөн жылы гидроэлектрдик станциянын курулушуна 4,7 млрд. сомони сарпталган. Анын 3,4 миллиарды казынадан жумшалган.

Copyright © 2017 Maral FM