Биз менен байланышыңыз

Чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 537 | 0

Кыргыз-тажик чегинде чек арачылар күчөтүлгөн тартипте ишеп жатышат. Учурда чек арадагы абал туруктуу деп сыпатталууда.

Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланыш бөлүмү кабарлайт.

Күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүү кыргыз-тажик чегинде болуп кетүүчү чыр-чатактардын алдын алуу максатында кабыл алынган.

Кыргыз тарап чек ара айылдарындагы элге чек ара чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо жана чыр-чатакты болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп жатышат.

Тажикстан менен чек ара мамлекеттик чек ара кызматынын толук көзөмөлүндө экени маалыматта айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM