Биз менен байланышыңыз

Өтмүштө өнөрпоз болгон президенттер

Блог | 10 Апр 2019 | 1048 | 0

Украинадагы президенттик шайлоодо актёр, шоумен Владимир Зеленскийдин азыркы президенттен да көп добуш алышы дүйнөнү таң калтырды. Бирок, такыр башка тармакта жүрүп эле бийликке келип калгандар да жок эмес. Алардын бир канчасынын тизмесин сиздерге сунуштайбыз.

Шоумен

«Эл кызматчысы» аттуу белгилүү телесериалда Владимир Зеленский тарых мугалиминен Украинанын президенттигине чейин жеткен каармандын ролун ойногон. Азыр болсо ал чыныгы президенттикке ат салышып, дароо экинчи турга өтүп кетти. Куудул жана теле продюсер Зеленский өлкөдө абдан белгилүү. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө ал өзүн клоун деп атаган. Бул билдирүүсү ага 21-апрелде жардам береби?

Голливуддун жылдызы

Бул сүрөттү таанып жатасызбы? Бул — Рональд Рейган, 1981-89-жылдардагы АКШнын президенти. Карьерасы гүлдөп турган учурда, ал белгилүү актер болчу. Бирок, президенттикке дароо тасма талаасынан келген жок. Ага чейин 1967-75-жылдары Калифорниянын губернатору болгон. Рейгандын шайлоо өнөктүгүндө актер Жон Уэйн жана режиссер Уолт Дисней сыяктуу улуу голливуддук ишкерлер колдогон.

Музыкант

«Таттуу Микки» аттуу жашыруун ат менен музыкант Мишель Мартейи 1980-жылы белгилүү болгон. Ал түркүн түстүү кийимдери, ошондой эле сахнадагы экстраваганттуу чыгуулары менен таанымал. 2011-жылдан 2016-жылга чейин Мартейи Гаитинин президенти болгон, 2010-жылы аралда болгон катуу жер титирөөдөн кийин кайра калыбына келтирүү иштерине катышкан. Аларды алты жылдан кийин эле кайрадан «Мэтью» бороону кыйратып кеткен.

Композитор

Тарыхка кичине саякат кылалы: Биринчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин шак эле таланттуу пианист жана композитор Игнаций Ян Подеревский өзүнүн мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирген Польшанын премьер-министри жана тышкы иштер министри болуп шайланган. Премьер катары ал Варшаванын атынан Версаль тынчтык келишимине кол койгон. Подеревский бир жылга жетпей отставкага кетип, кийин дагы бир жолу саясатка келген.

Дүйнө чемпиону

Пакистандын азыркы премьер-министри Имран Хан крикет оюнчусу катары көп ийгиликтерге жетишкен. 1992-жылы Хан капитандык кылган улуттук команда дүйнөнүн чемпиону болгон. Ал эми 1996-жылы партия түзүп, эки жолу парламенттин депутаты болгон. 2018-жылы анын «Адилеттик үчүн кыймылы» парламенттик шайлоодо ийгиликтүү чыгып, Хан премьер-министр болуп шайланган.

Футболчу

Спорттук ийгиликтери менен либериялык Жорж Веа да мактана алат, мурун ал европалык клубдардын алдыңкы форварды болгон. 1995-жылы болуп көрбөгөндөй жыйынтыкка жеткен – эң алгачкы жана учурдагы мыкты футболчу катары таанымал жалгыз африкалык. 2005-жылы Веа Либериянын президенти болууну каалап, өтпөй калган. Бирок 2017-жылдын аягында ага мамлекет башчысы болууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Чыр-чатакчы

Сильвио Берлускони – профессионал эмес саясатчы. Окуусу үчүн ал конферансье жана круиздик лайнерде ырчы болуп акча тапкан. Кийин карьерасын ар кандай чыр-чатактар коштогон Берлускони миллиардерге айланган, акчаны курулушта жана медиа бизнесинен тапкан. Анын «Алга Италия» партиясы 1994-жылы бийликти алган. Ушул жылы эле Берлусконинин премьердик ишинин биринчи төрт жылдыгы башталган.

Жаштардын үмүтү

Рэпер Боби Уайн азыр президент эмес, бирок 2021-жылы болот окшойт. Роберт Киагулани деген чыныгы аты менен ал 2017-жылдан бери Уганда парламентинин депутаты. Аны жактагандардын көбү Мусевени президентине канааттанбаган жаштар. Ал тактыда 1986-жылдан бери отурат. Уайн аткаминерлердин намысына тийген сыяктуу: анын айдоочусун өлтүрүп кетишкен, рэпер өзү болсо камалган жана божомолдорго караганда кыйноолорго кабылган.

Рейган, Веа жана Берлусконини бир нерсе бириктирип турат, алар тасма, спорт, бизнес сыяктуу башка чөйрөдөн келип, саясатта ийгиликтерге жетишкен. Эми бул жолду Украинада куудул Владимир Зеленский кайталаганы жатат.

Которгон: Махабат Соконова

Copyright © 2017 Maral FM