Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө Кыргыз-Чех ишкерлер форуму өттү

Экономика | 9 Апр 2019 | 768 | 0

9-апрелде Бишкекте Чехиянын Өндүрүш жана соода министри Марта Новакованын жана КР Экономика министри Олег Панкратовдун катышуусунда, Кыргызстандагы Жаш ишкерлер ассоциациясы уюштурган кыргыз-чех ишкерлер форуму болуп өттү. Аталган иш-чарага келген Марта Новакова мындан аркы  кызматташтыкты бекемдеп, эки өлкөнүн ишин чыңдоого кызыкдар экендигин билдирди. Форумга Чехиянын 30дан ашуун компаниясы катышып, бир катар документтерге кол коюлду.

Форумда Чехиядан келген ишкерлер менен жергиликтүү ишкерлердин ортосунда кызматташуу тууралуу эки тараптуу жолугушуулар өттү. Анда Чехиянын 30дан ашуун компаниясы катышып, логистика, энергетика тейлөө, IT технологиялар сыяктуу бир катар багыттагы келишимдерге кол коюшту. Быйыл аталган форум Кыргызстанда төртүнчү ирет өтүп жатат. ЖИА бизнес ассоциациясынын директору Темирбек Ажыкуловдун айтымында, буга чейин кыргыз ишкерлерин Чехияга алып барып, ал жактын ишкерлери менен таанышып келишкен.

— Кыргызстан-Чехиянын ортосундагы ишкерлер форуму быйыл төртүнчү ирет өтүп жатат. Биз бул форум менен эле чектелбейбиз. Акыркы төрт-беш жылдан бери Кыргызстандагы ишкерлерди чогултуп, Чехияга алып барып, өз ара кызматташтыкты бекемдеп келүүдөбүз. Ал жакка барган биздин ишкерлер тажрыйба топтоп, иш пландары менен кененирээк таанышып келишкен.

Чехиялык компанияларды жетектеп келген Томаж Годачтын айтымында, Кыргызстан менен кызматташуу алар үчүн маанилүү. Кол коюлган макулдашуулар алгылыктуу иштерге жол ачып, эки өлкөгө тең пайда жаратарынан күмөнү жок.

— Форумда 30дай компаниянын өкүлү катышып жатат. Алар Кыргызстан менен алгылыктуу иш алып барабыз деген үмүттө. Форумдагы долбоорлор КМШнын Соода палатасы, Чехиянын өнөр жай жана транспорт Союздук кызматташтыгы тарабынан эки өлкөнүн экономикалык дипломатиялык долбоору катары ишке ашырылат. Компания  Эл аралык транспорттун бардык түрлөрү менен алектенет. Алсак, учуучу, автотранспорттук жана башка логистикалык багыттар Азияга, Европага тарайт.

Кыргызстандык ишкер Мирбек Асангариевдин айтканына таянсак, Чехия менен Кыргызстандын окшош жактары көп. Маселен, калкынын саны менен элинин жөнөкөйлүгү биздин мамлекетибизге окшошуп кетет. Кыргызстан аталган өлкөнүн өнүгүү жолун туураса, Кыргызстандын экономикасы бир топ эле жогорулай турганын билдирди.

— Бизнес-форумда кыргыз ишкерлери чех ишкерлери менен биргеликте кандай иштерди жасаса болору жана кандай багытта иш алып барууга мүмкүн экендиги» тууралуу жакшы маалыматтар айтылды. Аны менен катар биз Чехиянын технологиялар жаатындагы өнүгүүлөрүн карап, өзүбүзгө план түзүп алсак, жакшы багытта иш алып барат болушубуз керек деп ойлойм. Анткени, Кыргызстан калкынын саны, жеринин түзүлүшү жагынан Чехияга окшошуп кетет. 

Жалпысынан форумга 400дөй ишкер катышып, анда КР Экономика министрлиги менен Чехия Республикасынын Соода жана өндүрүш министрлигинин ортосунда эки тараптуу келишимге кол коюлду.

 

Copyright © 2017 Maral FM