Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарында быйыл 27 чакырым кабель алмаштырылат

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 666 | 0

«Түндүк электр» ачык акционердик коому Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө 0,4 кВт жаңы кабелдерди орнотуу иштерин улантууда.

Бишкек шаарында быйыл Батыш райондук электр тармактарында 9 чакырым, Чыгыш райондук электр тармактарында 18 чакырым — жалпысынан 27 чакырым эски кабель алмаштырылат.

Чыгыш райондук электр тармактарында 26 турак жай курулуштарына жаңы кабелдер салынат.  Алар К. Тыныстанов, А. Сүйөркулов, А. Малдыбаев, И. Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген чарчысында; С. Ибраимов/Н. Гоголь, Москва/ С. Чуйков көчөлөрүнүн участокторунда.

Батыш районунун электр тармактарында 9 чакырым кабель 62 көп кабаттуу үйгө чейин салынат. Алар: Аскер шаарчасы, «Манас» кинотеатрынын аймагы, И. Ахунбаев, М. Жунусалиев, Шота Руставели, А. Малдыбаев, И. Панфилов,Токтогул/Калык Акиев; Жаш Гвардия/Москва; Жаш Гвардия/Чокморов көчөлөрүнүн участокторуна салынат.

Эске салсак, көп кабаттуу үйлөрдүн ортосундагы эски, өткөрүмдүүлүгү 70-95 мм² болгон кабелдер 60-70-жылдары резерв кылууга мүмкүн болбогон туюк схема менен салынган. Учурдагы салынып жаткан кабелдин ток өткөрүмдүүлүгү мурунку кабелдерге салыштырмалуу жогору (120-150 мм²), авариялык өчүрүүлөр маалында көпчүлүк участоктордо кошумча резервдик кабелдер каралган.

Copyright © 2017 Maral FM