Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ишканасына жаңы жетекчи келди

Кыска кабар | 1 Сен 2021 | 454 | 0

«Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ишканасынын директорлор кеңешинин чечими менен Жолдошбек Ачикеев компаниянын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Бүгүн Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Равшанбек Касымов жаңы дайындалган башкы директор Жолдошбек Ачикеевди жамаатка тааныштырды.

Буга чейин аталган кызматты Эмил Куданалиев ээлеп келген.

Жолдошбек Ачикеев алгачкы эмгек жолун «Кыргызэнерго» акционердик коомунда электромонтёр кызматынан баштап, андан бери ушул гана тармакта гана иштеп, жетекчилик кызматтарга чейин жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM